13-21-сентябрь күндөрү Хорватиянын борбору Загреб шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты болду. Тилекке каршы, Кыргызстандын балбандары 2025-жылдагы эң ири мелдештен алтын ала алган жок.
Грек-рим күрөшүнөн 10 балбан барып, бир эле Асан Жанышов 87 кг салмакта коло медал тагынды. Ал чоңдор арасында биринчи жолу дүйнө чемпионатына катышып, үчүнчү орун үчүн беттеште Европанын учурдагы чемпиону Давид Лошонцини утту. 19 жаштагы жаш балбан үчүн бул жакшы жыйынтык. Буюрса Асандын ийгиликтери алдыда.
Бирок грек-рим күрөшү боюнча курама команданын жыйынтыгы жакшы эмес. Асандан тышкары Раззак Бейшекеев гана үчүнчү орун үчүн күрөшүп утулду. Калган салмактагы балбандар “учуп кетти”. Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовдун жоктугу Кыргызстан үчүн эле эмес дүйнө чемпионатына катышкан бардык спортчулар, күрөш дүйнөсүнө да билинди.
Жоламан жаракатынан улам дүйнө биринчилигине барбай калса, Акжол даяр эмес экенин айтты.
Кыргызстандын Күрөш федерациясы “Мурунку машыктыруучулар 8 жылда бир медаль алып келишсе, азыркы курам 9 айда эле медаль алып жатышы – бул прогрессти айдан ачык көрсөтүп турат” деп билдирүү таратыптыр. Бул текстти ким эмне максат жана кандай эсеп менен жазды билбейм. Бирок туура эмес болуптур.
“Кызыксыңар. Федерация да ушинтип жазабы “мурунку, кийинки” деп. Азыркы спортчуларды дароо бешиктен алып чыгып машыктырып, жеңишке жеткирдиңерби? Саясатчылардай “мурункулар эч нерсе кылган эмес, мына мен кылдым” дебей бир туруктуу спорт саясатын жүргүзгүлө. Сегиз жылбы, сегиз айбы баарынын эмгеги бар. Азыркылар сегиз жылда алтын алабы, Кудай билет. Спортчуларыбызды Кудай колдосун”, - деп жазды Фейсбук колдонуучусу Нурбек Молдокадыров.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын Азат Эркинбаев баштаган мурдагы машыктыруучулары команданы нөлдөн болбосо да ошого жакын жерден түптөгөн. Жыйынтыгы Акжол менен Жоламандар болду.
Ооба, алардын жеке агайлары бар. Бирок кураманын башкы машыктыруучуларынын да салымын айтыш керек. Ошондуктан азыркы машыктыруучулар жолго коюлган, эл аралык аренаны көргөн балдарга машыктыруучу болуп келишти. Эми аны дагы көтөрүш керек эле. Биз болсо жаатташып жатабыз.
Акжол менен Жоламан мурдагы машыктыруучулардын убагында эки ирет дүйнө чемпиону болушкан. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турат.
2028-жылкы Олимпиадага эки эле жыл калды. Эми кеч боло электе азыркы машыктыруучулардын маселесин караш керек го.
Биз талашып тартышканча кошуналар – Казакстан менен Өзбекстан тарыхый алтын медалдарын алды. Казакстан 27 жылдан кийин Загреб шаарында дүйнө чемпионатында кайрадан алтынга жетти. 60 кг салмакта казак спортчусу Айдос Султангали чемпион болду. Ал эми Өзбекстан 24 жылдан кийин алтын алды. 63 кг салмакта Айтжан Халмаханов биринчи орунду багындырып, коңшу өлкөнүн күрөшү кандай өсүп келатканын көрсөттү.
Эркин күрөш болсо мурдагы дүйнө чемпионаттарынан анча айырмаланган жок. Бекзат Алмаз уулу (57 кг) күмүш, Эрназар Акматалиев (70 кг) коло алды.
Үч кызыбыз барып, алардын экөө Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Нурзат Нуртаева (72 кг) коло тагынды.
Шерине