Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:31

Киберчабуулдан улам Европанын аэропортторунда иш үзгүлтүккө учурады


Брюсселдин «Завентем» аба майданы. 20-сентябрь, 2025-жыл
Брюсселдин «Завентем» аба майданы. 20-сентябрь, 2025-жыл

Европанын бир нече аэропортторунда жуманын кечинде киберчабуулдан кийин иш үзгүлтүккө учурады.

Берлин, Лондон, Дублин, Брюсселдин жана башка шаарлардын аба майдандарында жүргүнчүлөр менен жүктү каттаган автоматтык система иштебей калды. Кол менен иштөөгө өтүү каттамдардын кармалышына жана жокко чыгарылышына алып келди.

Каттамдарга байкоо салган FlightAware сервисинин маалыматына караганда, 20-сентябрда Батыштын бир канча аба майданында жүздөгөн каттамдар кармалды. Лондондун «Хитроу», Брюсселдин «Завентем» жана «Берлин-Бранденбург» аэропорттору баарынан көп зыян тартты.

«Хитроу» аэропортунун сайтында техникалык мүчүлүштүк программалык камсыздоо менен алектенген Collins Aerospace компаниясында болгону айтылат.

Ал эми Collins Aerospace компаниясына ээлик кылган RTX анын Muse программалык камсыздоосу зыян келтирилгенин, бул система ар кайсы авиакомпанияларга каттоо жана учакка отургузуу тартибин жеңилдетип келгенин, мүчүлүштүктү жоюу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG