Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Мээрим Халиалдаева борбордогу мектептерде 500гө жакын мугалимдин орду бош турганын билдирди. “Биринчи радионун” эфиринде бул жылда эле кайталанчу көрүнүш экенин, себеби жайкы каникулдан кийин айрым мугалимдер жумуш ордун которуп, кээ бирлери кетип каларын айтты.
“Биз министрлик менен иштешип, педагогикалык университеттерде акыркы курста окуган студенттерди жумушка тартып жатабыз. Андан сырткары жаш курагына байланыштуу пенсияга чыгып кеткен мугалимдерди да чакыруудабыз”, - деди ал.
Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаевдин сөзүнө караганда, Кыргызстанда мектептерде 93 миңден ашык мугалим иштейт. Анын ичинен 87 миң 385и мамлекеттик, 6 миң 311и менчик билим берүү уюмдарында эмгектенет. Өлкөдө ушул тапта мектептерге 947 педагог жетишпейт деп эсептелген.
“Негизинен физика, математика, химия предметтеринен сабак берген мугалимдер жетишпейт”, - деди Амангелди Сыдыбаев.
Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат. (BTo)
Шерине