Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Президент “Ош-Ситинин” курулушу боюнча комиссия түздү


Садыр Жапаров 14-февралда “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушуна старт берген.
Садыр Жапаров 14-февралда “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушуна старт берген.

Президент Садыр Жапаров “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөз болуп жаткан шаарчадан батир алган адамдар менен жолугушууда айтканы белгилүү болду.

Ал жолугушуу тартылган видео интернетке тарады. Анда Жеңишбек Токторбаев шаарчанын курулушун көрүү үчүн Ошко Бишкектен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев келип кеткенин айткан.

“Компаниянын эсебинде азыраак акча бар экен. Эми мен буларды ар апта сайын текшерем. Бишкектен келген комиссия эми 15-октябрда кайра келет. Эгерде 1-январга чейин жылыш болбосо буларды токтотобуз”, - деди.

“Ош-Сити” шаарчасынан батир алгандардын бири “курулушка Садыр Жапаров капсула салгандыктан, ишенип акча төгүп жатканын” айтты. “Эгерде курулуш аягына чыкпай калса каражатыбыз эмне болот?” деген суроого мэр “көрөбүз” деп жооп берген. Компаниянын өкүлү кардарларды сарсанаа болбоого чакырып, батирлер убагында берилерин убада кылды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бул жолугушуу тууралуу маалымат берген жок жана ал качан болгонун да тактай элек. Видеодогу сөздөргө караганда, жолугушуу 15-сентябрда өткөн.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Ош Ситинин” айланасындагы окуя тууралуу Фейсбуктагы баракчасында маалымат берди. Ал Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Ош Сити” курулуш долбоорунун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иликтөө жүргүзгөнүн, жыйынтыгында курулуш иштери план боюнча жүрүп жатканы аныкталганын жазды.

“Бүгүнкү күнгө чейин 1435 батир жана коммерциялык жайлар сатылып, андан 13,2 млн доллар каражат түшкөн. Компания долбоорго өз каражатынын эсебинен 57,8 млн доллардан ашык инвестиция жумшаган. Компания тарабынан социалдык объектилер курулуп, аларды мамлекетке өткөрүп берүү милдеттендирилген. 2025–2030-жылдары 1000 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, 350 орундуу төрөт үйү, 2000 орундуу мечит, 16,5 чакырым жол, 4,6 гектарга парк, 700 орундуу мектеп курушат. Жаңы-Барак айылында көп кабаттуу турак үйү түшөт, шаардагы мектептердин терезелерин жаңылоо, спорт аянтчалары, туннель, тротуарлар жана башка жумуштар аткарылат. Мындан тышкары, мамлекетке 27 даана атайын техника тапшырылат. Бул иштердин жалпы наркы 283 101 926 (283 миллион 101 миң 926) долларды түзөт”, - деп кооптонууга негиз жок экенин кошумчалады.

Жеңишбек Токторбаев 13-сентябрда “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу менен таанышып, иш жай жүрүп жатканын сынга алган. Ал курулушу 1 жыл 3 ай мурда башталган аймакта иш көзгө көрүнөрлүк жылбай жатканы үчүн шаарчаны куруп жаткан компаниянын жетекчилерине өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салууну сунуштаган.

Садыр Жапаров 16-сентябрда Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берди. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта сөгүшкө мэрдин кайсы аракети негиз болгону көрсөтүлгөн эмес. Өкмөттөгү айрым булактар муну мэрдин “Ош-Ситидеги” жүрүм-туруму себеп болгонун билдиришкен.

“Ош-Сити” шаарчасы жалпы аянты 72 гектарды ээлеп, анын 40 гектардайына 10 миңден ашык батирге эсептелген турак жайлар, калган аянтка социалдык объектилер курулмай болгон. Курулган батирлерден миң даанасын мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүлгөн.

Бул шаарчаны куруу өкмөттүк демилге болгондуктан куруучу компанияны тандоо, келишимдердин баары өкмөт аркылуу жүргүзүлгөн. Курулуш “Бизнес Хаус КЖ” компаниясына жүктөлгөн. Аталган компаниянын өкүлү Улукбек Абдилазимов болсо курулушта эч кандай кемчилик жана кечеңдөө болбогонун айтып келатат.

Садыр Жапаров быйыл 14-февралда Ош облусуна жумуш сапарында “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушуна старт берген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG