Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын энергетика тармагы эки жылдын ичинде кризистен чыгарын билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
Ал өлкө үчүн 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгили эң оор болорун, себеби быйыл Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 600 млн кубга аз экенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, 2024-жылы суу сактагычка 12 млрд 400 млн куб суу топтолгон.
“Энергетика системасы 2028-жылы кризистен чыгат деп пландаштырып жатабыз”, - деди министр.
Кыргызстанда 2025-жылы электр энергияны керектөө 18,9 млрд кВт/саат болот деп эсептелсе, электр жарыгын өндүрүү жети айда 9,24 млрд кВт/саатты түздү. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында айткан.
Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан 4 млрд 3 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат.
Таалайбек Ибраев 2024-жылы өлкө бир жылда 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын колдонорун айткан. Өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы керектөөнү толук жаппайт.
Өлкөдө 1-майдан тартып светтин баасы кымбаттап, калк үчүн киловатт саатына 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга көтөрүлгөн. Эгер керектөө 700 киловаттан ашса, анда 2 сом 60 тыйындан төлөнөт. Мектептер, бала бакчалар, мечиттер жана башка социалдык объектилер үчүн да баа 40 тыйынга кымбаттап, 2 сом 62 тыйын болгон.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат. (BTo)
Шерине