Өткөн жылы дүйнөдө 314 киши кассеталык куралдан (чачыратма бомба) каза тапкан жана жарадар болгон. Курмандыктардын үчтөн эки бөлүгү (208 киши) Украинага туура келет. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) уюмунун 15-сентябрда жарыялаган докладында айтылат.
Эксперттердин пикиринде, жапа чеккендердин реалдуу саны мындан жогору болушу мүмкүн.
Орусия Украинага басып киргенден бери сөз болгон курал-жарактан 1200 киши жабыркаган.
Докладда украиналык аскерлер да Орусияга каршы кассеталык курал колдонгон болушу ыктымал деп белгиленет. Бирок бул фактыны уюм бышыктай алган жок.
Чачыратма бомба Мьянма жана Сирияда колдонулганы да айтылат.
Андай куралдан негизинен карапайым кишилер жапа чегип келет. Аларды зыянсыздандыруу же жок кылуу кыйын жана кооптуу экенин белгилеген адистер согуш аяктагандан кийин да чачыратма бомбалар коркунуч жаратарын айтышат.
Кассеталык курал асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрү узакка чейин чачырайт. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.
Андай курал-жаракты колдонууга тыюу салган 2010-жылкы эл аралык Конвенцияга Украина жана Орусия кошулган эмес.
2023-жылы чачырамта бомбадан каза тапкан же жараат алган кишилердин саны 219 жеткени маалымдалган.
Шерине