Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

УКМКнын мурдагы кызматкери пара иши боюнча кармалды


Парага алынган каражат.
Парага алынган каражат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын кызматтын мурдагы кызматкери кармалганын билдирди.

Маалымка ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып бир адамды (Ч.Б.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң доллар талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси менен иш козгоп, тергөө жүрүп жатат. Кылмыш ишинин алкагында 24-июлда бир шектүү (С.А.) кармалып, ага опузалап пара талап кылуу боюнча айып тагылган.

Мындан тышкары, бул ишке УКМКнын мурдагы кызматкеринин (А.Э.) да катыштыгы бар экени аныкталып, ал 130 миң долларды жабырлануучуга кайтарып берип жатканда кармалган. Шектүүлөрдү Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушууда атайын кызматкерлердин арасында да коррупцияга аралашкандар бар экенин, анын атын сатып, акча алып жүргөн кызматкер кармалганын айткан.(BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG