Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 16-18-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы төмөндөп, күндүз 17...22, түнкүсүн 6…11 градус болот. Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7° суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 27…29° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG