БУУнун Коопсуздук Кеңеши жума күнү учкучсуз учактардын Польшанын аба мейкиндигин бузганын талкуулаган жыйын өткөрдү.
Окуя ушул аптада катталды жана Украинадагы согуш башталгандан бери НАТОго мүчө мамлекеттин аба мейкиндиги бузулуп, учкучсуз учактар атып түшүрүлгөн биринчи учур болууда.
АКШнын БУУдагы убактылуу өкүлү Дороти Ши Кошмо Штаттар “НАТО аймагынын ар бир карышын коргой турганын” билдирди. Ал Америка “кооптуу мыйзам бузуулар” учурунда өнөктөштөрүн колдой турганын кошумчалап, АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусунан кийин Орусия Украинага сокку уруусун күчөткөнүн белгиледи.
Польшанын Тышкы иштер министринин орун басары Марцин Босацкий Коопсуздук кеңештин жыйынында учкучсуз учактардын аба мейкиндигин бузуп кирип келиши жаңылыштык болушу мүмкүн эмес экенин айтты. Ал орус тилинде жазылган жазуулары бар учактын сыныктарынын сүрөттөрүн көрсөтүп, “Польша өзүн коркутууга жол бербейт” деп белгиледи. Анын айткандарына Словениянын өкүлү Самуэль Жбогар дагы кошулап, дрондордун өлкө аймагын аралап кирүүсүн кокустук деп элестетүү кыйын экенин кошумчалады.
Орусия өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда. Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя 10-сентябрда Украинага колдонулган дрондор 700 чакырымдан алыс уча албай турганын, алардын Польшанын аймагына чейин жетүүсү “физикалык жактан мүмкүн эмес” экенин билдирди. Ал Варшава “чын эле чыңалган абалда азайтууну кааласа” Москва диалогго даяр экенин кошумчалады.
Жыйындын соңунда АКШ жана анын өнөктөштөрү Москваны эл аралык укук жана БУУнун уставын бузууга айыптаган биргелешкен билдирүү жасашты. Документте Украинага каршы агрессияны токтотуу жана мындан аркы чагымды болтурбоо чакырыгы камтылган.
Билдирүүнү 43 өлкө колдоду. Бул Украинада уланып жаткан согуштун жана НАТО өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсыздануунун күчөшүнүн фонунда Батыш өлкөлөрүнүн Украина жана Польша менен тилектештигинин дагы бир белгиси болду.
Шерине