Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов Бишкекте жолдордун четиндеги машине токтотуучу жайлар жабылгандан кийин “шаарда жол тыгыны кескин азайды” деп эсептейт.
Бул тууралуу ал 11-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат анын сөзү туура эмес экенин, тескерисинче, борбордо жол тыгыны көбөйгөнүн билдирди.
Бишкекте жаңы жасалган айрым жолдордун четиндеги автоунаа токтотуучу жайлар жабылган. Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданууда.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген. (BTo)
Шерине