Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

Парламент Жалал-Абаддын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду


Жалал-Абад
Жалал-Абад

Жогорку Кеңеш 10-сентябрдагы жыйынында Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас кылып өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, аны дароо үч окууда кабыл алды.

Мындан бир күн мурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети дагы бул документти дароо үч окууда жактырган.

Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев шаардын атын өзгөртүүгө жергиликтүү тургундардын сунушу негиз болгонун билдирди.

Депутат Акылбек Түмөнбаев мыйзам долбоорго байланыштуу коомдук талкуу жетиштүү болбой калганы тууралуу маселе көтөрдү.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүүгө байланыштуу шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон. Ормоков "Азаттыкка" курган маегинде атын алмаштырууга байланыштуу чыгымдар болжол менен 15 миллион сомго жакын деп эсептелгенин белгилеген.

Шаардын атын өзгөртүү сунушуна байланыштуу социалдык тармактарда талаш-талкуу чыккан. Анда бул аракеттердин артында болочокто борбор Жалал-Абадга көчүрүлөт деген пикирлер да болгон.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август - Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Жалал-Абад облусуна 10 миллиард сом каралганын билдирген. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы бул шаарга 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн.

Ушул тапта шаардын калкы 184 миңден ашат.

Шерине

XS
SM
MD
LG