Польшанын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылышты. Бул тууралуу 10-сентябрда эртең менен Польшанын куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы билдирди.
Билдирүүдө өлкөнүн аба мейкиндиги Орусиянын Украина аймагына жасаган аба соккулары учурунда “дрон сымал объектилер” менен бир нече жолу бузулганы айтылат. Польшанын аскерлери бул объектилерди жок кылуу үчүн курал колдонгон. Маалыматка ылайык, аскерий операция уланууда. Подляска, Мазовецк жана Люблинск аймактарынын жашоочуларына үйдөн чыкпай туруу зарыл экени эскертилди.
Reuters агенттиги АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына шилтеме кылып Польшанын төрт аба майданында, анын ичинде Варшавадагы Шопен аэропортунда иш убактылуу токтотулганын жазды.
Украинанын аймагына жасалган аба соккулары учурунда Польшанын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалыматтар буга чейин дагы чыккан. Бирок Польша абадан коргонуу күчтөрүн колдонгон алгачкы учур экенин Reuters жазды.
Шерине