Францияда президент Эммануэл Макрон өкмөттүн жаңы башчысы кылып коргоо министри Себастьен Лекорнюну дайындады. 39 жаштагы жаңы премьер-министр Макрон 2017-жылы президент болуп шайлангандан бери өкмөттө туруктуу иштеп келаткан жалгыз министр.
Аны Макрондун ишенимдүү өкүлү деп аташат, ал Орусиянын кол салуусуна кабылган Украинага аскердик жардамды күчөтүүнү, улантууну жактаган француз саясатчыларынын бири катары таанымал.
Соңку эки жылдан бери Францияда ушуну менен өкмөт башчы бешинчи жолу алмашып олтурат. Буга чейинки премьер-министр Франсуа Байру тогуз ай иштеди, 8-сентябрда парламент анын бюджеттик реформаларына байланыштуу ишеним көрсөтпөө жарыялаган. Ал өкмөт өтө сарамжал иштеп, бюджеттеги киреше менен чыгашанын айырмасын кескин азайтуусу керек деген саясат жүргүзүп жаткан.
Бир жыл мурда Макрон ашынган оңчул күчтөрдүн бекемделишине жол бербөө максатында парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялаган. Шайлоодо жеңип келген партиялар парламенттин төмөнкү палатасында үч топко бөлүнүп, бири да көпчүлүктү түзө албай жатат. (RK)
Шерине