Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 2-сентябрда “Азаттыкка” берген маегинде айтты.
“Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу мыйзам, план боюнча 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек. Ал эми конституциялык мыйзам менен 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо коюлган. 2026-жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлооcун өткөрсөк БШК 20 күндө жыйынтык чыгарыш керек. Андан кийин шайлоого нааразы болуп, сотко бергендер болот. Ошентип депутаттарды шайлоо компаниясы декабрь айына чейин узарып кетиши мүмкүн. 2027-жылдын январь айына президентти шайлашыбыз керек. Парламенттик шайлоо бүтпөй жатып президенттик шайлоонун үгүт иши башталып кетет”, - деди Тынчтыкбек Шайназаров.
Кыргыз коомчулугунда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот деген маалыматтар кызуу талкууланып жатат.
Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.
“Азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашын мен колдойм. Буга эки себеп бар. Биринчиден, 2026-жылдын аягында парламенттин шайлоосу өтүш керек. Бул шайлоо аяктап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) андагы бюллетендерди кол менен санап бүткөнгө чейин эле 2025-жылдын 24-январында президенттин шайлоосу келип калат. Үгүт иштери башталат. Менимче, БШК техникалык жактан да, уюштуруу иштеринен да үлгүрбөйт. Бул шайлоолорду БШК эч кынтыксыз өткөрүш керек. Бул үчүн парламенттин шайлоосунун бир жыл мурун өткөнү туура болот деп эсептейм. Экинчиден, азыркы депутаттар парламент шайлоосу тууралуу жаңы мыйзам кабыл алды. Мындан ары партия деген болбойт, көп мандаттуу округдардан үчтөн депутат шайланып келет. Азыркы депутаттар жаңы системага өтүүнү колдогон соң жаңы шайлоо өтүшү керек”, - деген ал.
Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттын туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.
Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу үчүн 30 депутат демилге көтөрүп, ал сунушту 61ден кем эмеси колдошу керек. (BTo)
Шерине