“Кыргызстан” аэропорттору” ишканасынын алдындагы "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы сатып алган Dash 8-400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак 2-сентябрда Бишкекке учуп келди. Эми ички каттамдарга чыга баштайт.
“Кыргызстан” аэропорттору” ишканасынын директору Манас Самидинов алдыда ушундай үлгүдөгү дагы бир учак сатып алынарын билдирди.
“Мындан тышкары эл аралык каттамдарга чыгуу үчүн башка эки чоң учак сатып алабыз. Адистерибиз Airbus маркасындагы учакты изилдеп, тактап беришти”, - деди Самидинов.
Dash 8-400 үлгүсүндөгү 80 орундуу учактын алгачкысы былтыр алып келинип, 27-сентябрдан тарта ички каттамдарга чыга баштаган. Мамлекеттик авиакомпаниянын ишке кириши менен билет арзандай турганы айтылган. Бирок баа маселеси боюнча жарандардын нааразылыгы дале утур-утур көтөрүлүп турат.
“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.
Шерине