Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп Фолькер Фробарт дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Фробарт Германияда туулуп-өскөн. Анын эл аралык кызматташтыкта, дипломатия чөйрөсүндө жана туруктуу өнүгүү тармагында 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Ал буга чейин Астанадагы ЕККУнун программалык кеңсесин жетектеп, ошондой эле ЕККУнун Грузия, Латвия, Тажикстан жана Украинада жайгашкан миссияларында жетекчилик орундарын ээлеген.
ЕККУ дүйнөдөгү коопсуздук жаатында иш алып барган эң ири аймактык уюм. Ага 57 өлкө кирет. Кыргызстан 1992-жылы кошулган. Анын Бишкекте 1998-жылы ачылган борбору 2017-жылы макамын өзгөртүп, учурда программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзүп келе жатат.
Шерине