Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы спикери, элдик депутат Андрей Парубийди өлтүрүүгө шектүү кылганы үчүн өкүнөрүн айтып, Орусия менен байланышта болгонун моюнга алды. Ал Орусиянын өкүлдөрү менен дайынсыз кеткен уулун издөө максатында байланышып жүргөнүн айткан.
Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы Украинанын укук коргоо органдарындагы булактарга таянуу менен жазды.
Украин Башкы прокуратурасы билдиргендей, кармалган киши 52 жаштагы Львовдун тургуну. Суракта ал уулу украин армиясында кызмат өтөп, 2023-жылы Бахмутта дайынсыз жоголгонун, ошондон бери аны издеп Орусиянын социалдык тармактарын изилдеп жүргөнүн, орусиялыктар (тек-жайы иликтенип жатат) менен баарлаша баштаганын, алар баласы курман болгонун айтканын билдирген.
Шектүү Орусиянын өкүлдөрүнө Львовдо жашай турганын, Андрей Парубийди бир нече жолу көргөнүн кабарлаган. Андан кийин аны өлтүрүүгө даярдык көрө баштаган.
Тергөө бул айтылгандарды иликтеп жатат.
Буга чейин украиналык "5 канал" өз булактарына таянып Орусиянын атайын кызматтары "шектүүгө уулунун сөөгү кайда экени тууралуу маалымат берерин айтканын" кабарлаган.
"Высокий замок" басылмасы "орусиялыктар белгилүү украин саясатчыларынын башына уулуңдун сөөгүн алмашабыз" дегенин жазган.
Украинанын Жогорку Радасынын экс-спикери, өлкөнүн Батышка багыт алышын колдогон саясатчы Андрей Парубий 30-августта Львовдо атып өлтүрүлгөн. Сөөгү 1-сентябрда коюлду. Аны менен коштошуу зыйнаты Киевдин Көз карандысыздык аянтында (Майдан) өтүп, жүздөгөн киши келди.
Шерине