Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Президент Жапаров Ооганстандагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты


Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кунар провинциясында болгон кыйратуучу жер титирөөдөн улам оогандыктарга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ооганстандын чыгышында, Гиндукуш аймагында 6,0 баллдык жер титирөө болгон. Ооганстандын башында турган "Талибан" бийлиги Кунар жана Нангархар провинцияларында 800дөн ашуун киши каза таап, 2500дөйү жаракат алганын кабарлады.

Жер титирөөдөн жабыр тарткан райондорго миңдеген куткаруучулар, аскерлер тартылып, уранды астынан адамдарды куткарып калуу иштери жүрүп жатат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, башка мамлекеттер жаратылыш кырсыгына байланыштуу ооган элине көнүл айтып, колдоо көрсөтүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG