Сеулдагы сот шейшембиде өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды.
Юн былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда расмий түрдө кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган.
Түштүк Кореяда мурдагы президенттер камакка алынганы буга чейин көп эле болгон, бирок аялы да абакка отургузулганы алгачкы ирет болуп жатат. 52 жаштагы Ким Кон Хи биржаларда шылуундук менен пара алган деп шектелүүдө.
Юн камалгандан кийин июнь айында президенттик шайлоо болуп, анын саясий оппоненти Ли Чжэ Мён жаңы президент болуп шайланды.
Шерине