Mercy Corps бейөкмөт уюмунун жакында жүргүзгөн изилдөөсү акыркы он жылда ооган баш калаасындагы жер астындагы суунун деңгээли 30 метрге чейин ылдайлаганын, таза суунун негизги булагы болгон кудуктардын жарымы какшып калганын көрсөттү.
Кабулда жер астындагы сууга суроо-талап абдан жогору. Жылына алынган суу табигый жол менен толтурулушу ыктымал деңгээлден 44 миллион метр кубдан ашат. Бул – туруктуу нормадан эки эсе көп.
Борбор шаардын калкы 2000-жылы 2 миллиондун айланасында болсо, быйыл 6 миллиондон ашты. Албетте, мындай статистика элди суу менен камсыз кылууга чоң таасирин тийгизүүдө.
Mercy Corps бейөкмөт уюму жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосу сөзгө тарткан бул тармактагы оогандык эксперттердин айтымында, 100 миңден көп тескелгебегн кудуктар менен фабрика, күнөсканалар суунун тартыштыгына салым кошууда.
“Кабулда 400 гектарга жакын жерде жайгашкан күнөсканалар жылына 4 миллионго жакын метр куб суу керектейт. Андан тышкары суусундук чыгарган 500дөн көп ишкана бар. Алсак, Alokozay деген ири завод жыл сайын өндүрүш үчүн дээрлик жер астындагы суудан 1 миллион метр куб пайдаланат”, - деп айтты суу ресурстарын жана климаттагы өзгөрүүлөрдү изилдеген германиялык эксперт Нажибулла Садид.
БУУ тез арада чара көрүлбөсө, Кабулдун жер астындагы суу кору 2030-жылга чейин азайып, адам баласынын турмушуна залакасын тийгизерин жана миграциянын ири толкунун жаратарын эскертүүдө.
“Суунун жана тамактын ортосундагы тандоо”
Ооган баш калаасынын көптөгөн райондору суу тартыштыгынан жабыркап келет. Жергиликтүү жашоочулар цистерналар менен ташылган сууну сатып алууга көнүп калды.
Шаардын салыштырмалуу бай болуп эсептелген Таймани районунун тургуну айлыгынын чейрегин сууга короторун айтты:
“Мен айына 21 миң афгани (300 АКШ доллары) алсам, дээрлик 5 миңи 10 кишиден турган үй-бүлөмө суу сатып алууга кетет. Сууну чай кайнатканга, тамак жасаганга, идиш-аяк, кир жууганга, жуунганга пайдаланабыз”, - деп айтып берди Таймани районунун жашоочусу. Ал кошумчалагандай, көп кишинин суу сатып алууга чамасы чак, аларга тамак менен суунун ортосунда тандоого туура келет. Айрымдар акча үндөмдөш үчүн коомдук насостор бар бир нече километр алыс райондорго барышат. Жайкы саратанда да Кабулдагы бир топ көп кабат үйлөргө суу жумасына бир-эки жолу берилет.
Сууну булганышы Ооганстанды тооруган дагы бир көйгөй. БУУнун маалыматында, өлкө калкынын 80% жакыны таза суудан өксүйт. Эксперттер шаарда жер астындагы суунун ири бөлүгү саркынды, уулу заттар менен булганган, мышьяктын деңгээли жогору деп айтышат.
Ыктымал булгануу
Дүйнөлүк банктын маалыматында Батыш колдоп келген Ооганстандын мурдагы өкмөтү 2021-жылы кулаганга чейин суу системасынын капиталдык ремонтуна эл аралык донорлордон 4 млрд доллар алганы айтылат. Бирок суу тармагы баш калаада жана өлкөнүн башка жерлеринде өнүккөн эмес.
“Талибан” кыймылы жетектеген азыркы бийлик “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок. Эксперттердин көбү чечкиндүү кадамдар жасалса, Кабул суу кризисин ыкчам жөнгө сала алат деген пикирде.
“Бул азыр эле пайда болгон маселе эмес. Ооганстандын бийлигине көйгөйдү чечүү жолдору сунуш кылынып келгенине он жылдан ашты. Бирок суу тартыштыгы алар үчүн артыкчылыктуу маселе эмес”, - деп айтат Садид.
Ошондой сунуштардын бири – калаадан 30 километр алыс жергедамба жана Шахтут суу сактагычын куруу. Долбоор ишке ашса, Кабулдун 2 миллиондон ашуун тургуну таза суу менен камсыз болуп, суу ресурстарын толуктоого жардам бермекчи.
Дагы бир сунушка ылайык, Панжшер дарыясынан 100 миллондон ашуун метр куб сууну борбор шаарга ташуу үчүн 200 километрлик куур жаткыруу каралган.
Эки долбоордун тең техникалык-экономикалык негиздемеси мурдагы өкмөттүн тушунда жүргүзүлгөн.
Быйыл апрелде талибдер өкмөтүнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги түтүктүн курулушу үчүн бюджеттин кабыл алынышын күтүп жатканын билдирген. Маалыматка караганда, өкмөт 170 миллион доллардык демилгени каржылоого инвесторлор издеп жатат.
Ал эми Шахтут долбоору Ооганстан акча тапса, 2027-жылы аяктайт деп күтүлүүдө. Дамба менен суу сактагычтын курлушу 236 миллион долларга бааланууда.
Суу ресурстары боюнча кабулдук адис Абдул Басет Рахмани баш калаадагы суу тартыштыгын “саясий эрк болсо, бир жарым жылдын ичинде чечсе болот” деп эсептейт.
Муну менен кошо ал бүгүнкү көйгөлөргө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, эл аралык уюмдарды “таза суу сатып алууга чамасы жетпеген Кабулдагы жакыр адамдарга көмөктөшүүгө” чакырды.
“Андай колдоо элге ири финансылык жана психологиялык жүктөн арылууга жардам берет, ооруларды алдын алууга, балдардын мектептерге кайтуусуна өбөлгө түзмөкчү. Көптөгөн жеткинчек ата-энесине жардам беребиз деп күнүгө бир нече километр жөө басып, жакынкы таратылган суу алып келишет. Алар билим албай калат”.
Эл аралык кызыл чырым комитети жана ЮНИСЕФ өңдүү эл аралык уюмдар Ооганстанда жүз миңдеген кишини таза суу менен камсыз кылуу чөйрөсүндө бир нече долбоорду ишке ашырган. Кызыл чырым комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы алардын долбоорунда Ооганстандын бир нече аймагында “кол менен суу сордурган 1315 насосту оңдоо жана суу тазалаган 1888 фильтр орнотуу каралган”.
Бирок алардын аракеттерине карабай, өкмөт чукул чара көрбөсө, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылбаса, Кабулдагы суу кризиси уланып, 3 миллиондой киши, калкынын дээрлик жарымы шаардан кетүүгө аргасыз болмокчу.
Шерине