Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу алгачкы көркөм тасма тартылганы жатканын 5-августта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, тасманы тартарын жаш режиссёр жана оператор-коюучу Каныбек Калматов жарыялады, ал Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алган. Мындай укук тууралуу келишим жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен түзүлгөн жана бул документ фильмге даярдыктагы маанилүү юридикалык жана моралдык кадам болуп эсептелет.
"Жаңы тасма Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай байопик жанрында тартылат", - деп айтылды министрликтин маалыматында.
Каныбек Калматов Москвадагы ВГИКтин кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Тасманын бет ачары келерки жылы болот деп пландалууда.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет. (RK)
Шерине