Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

Зеленский Трамп менен "сүйлөшүү жемиштүү" болгонун айтты


АКШ лидери Дональд Трамп, Украинанын президенти Владимир Зеленский
АКШ лидери Дональд Трамп, Украинанын президенти Владимир Зеленский

5-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Дональд Трамп менен телефондон сүйлөштү. Эки лидер АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткоффтун Москвага сапарын утурлай сүйлөшкөнү маалым болду.

"Бүгүн Украина жана Кошмо Штаттар өз позицияларын координациялады, - деп Зеленский социалдык тармакка жазды. - Орусиялыктар катуу сокку ура баштаган кырдаалга ар кимибиз өз баабызды бердик. Президент Трамп Киевге жана башка шаарларга жасалган орустардын чабуулдары тууралуу толук маалымдар".

Украин лидери сүйлөшүү жемиштүү өткөнүн белгилеп, Трамптын "калыс жана туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн жасаган бардык аракетине" ыраазычылык билдирди.

Апта башында Трамп анын жардамчысы Стив Уиткофф алтынчы же жетинчи августта Москвага барарын айткан. Вашингтондун өкүлү Орусиянын жетекчилиги менен жолугушмакчы. 8-августта Трамптын Москвага Украина менен тезинен тынчтыкка жетишүү үчүн койгон ультиматуму аяктайт.

АКШнын президенти эгер Москва тилге көнбөсө Кошмш Штаттар Орусияга, анын соода өнөктөштөрүнө тарифтерди көтөрүп жана "башка чараларды" колдонорун билдирген. Кремл Вашингтондун "маалыматына көңүл бурганын" билдирген. 5-августта Reuters Путин согушту токтотпой турганын жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG