Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Оштун мэри Токторбаев "Келечек" базарын көчүрүүгө каршы соодагерлер менен жолукту


Ош шаары, архивдик сүрөт.
Ош шаары, архивдик сүрөт.

Ош шаарындагы "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө каршы соодагерлер менен 30-июлда мэр Жеңишбек Токторбаев жолукту. Анда бул соода жайы 31-июлдан тартып көчүрүлөрүн дагы белгиледи. Бул базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берип жатканын кошумчалады.

Токторбаев ошондой эле бул базарда иштегендерге буга чейин бир канча вариант сунуштаганын, бирок соодагерлер ага макул болбогонуна токтолду. Мэр чогулгандар анын сөзүнө ынабай, "көчпөйбүз" деп кыйкырганына карабай "Келечек" базары 31-июлдан тартып сөзсүз көчүрүлөрүн айтып кетип калды.

Буга чейин бул базарда соода кылгандар көчүрүүгө нааразы болуп бир нече ирет акция өткөргөн.

Чогулгандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен чоң акчага сатып алышканын, колунда "кызыл китептери" турганын айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешкен. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей, чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болуп келишкен.

Мэрия шаардагы негизги базарлар 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөнүн билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.

Шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болору, 25 катарга жайгашары маалымдалган, базардын жанына 1,5 миң машинага токтоого ылайыкташкан жай даярдалары айтылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG