Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

"Орусия санкция тилин гана түшүнөт". АКШнын жаңы ультиматумунан майнап чыгабы?


АКШ президенти Дональд Трамп, Орусиянын лидери Владимир Путин
АКШ президенти Дональд Трамп, Орусиянын лидери Владимир Путин

Украинанын Запорожье облусунда 29-июлда орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, дагы 43 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия колонияга сокку урганын билген, бул АКШ Москва согушту токтотуп, дипломатияга өтүшү керек деген өз позициясын так билдирген маалда жасалып отурат деп белгиледи. 28-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Москвага тилге келүү үчүн берилген мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскарткан.

Дал 12 күндөн кийин 30 жаштагы Богдана Жупанина көз жарып калат. Талкаланган батирин көргөзгөн келин өзүн жолдуу деп эсептейт. Бир нече күн мурун алардын Киевдеги үйүнө дрон тийген. Апасы ал маалда тилекке жараша башкалкалоочу жертөлөдө болчу. Өзү күйөөсү менен кошуна батирде жашайт.

"Орусия бизди жок кылууну токтотушу керек. Президент Трамп бизге көбүрөөк жардам берсе эле болду. Өздөрүнүн ички саясаты , ал жакта эмне кылып жатканы мени кызыктырбайт. Бизге коргонуу үчүн каражат, аскердик жардам берсе жетиштүү. Бул алардын милдети, себеби биз коопсуздук кепилдиги берилет дегенде ядролук куралдан баш тартканбыз".

Атасы 2022-жылы майданда каза тапкан Богдана согушка, күнүгө урулган соккуларга карабай балалуу болууну чечишкенин айтып отурду.

Запорожье: Орусиянын соккусунан абакта 17 киши каза тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

АКШнын президенти Дональд Трамп экинчи мөөнөткө киришкенден бери Украинадагы согушту токтотуу үчүн аракет көрүп келатканы менен азырынча андан майнап чыга элек.

Дүйшөмбүдө америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге согушка чекит коюу багытында чара көрүү үчүн берилген мөөнөттү кыскартканын билдирди.

"10 же 12 күн деп айтат элем. Бүгүн-эртең жарыялайм, күтүүнүн мааниси жок. Жооптун кандай болорун билсеңер, эмнеге күтүш керек? Санкциялар, балким экинчи даражадагы жазалоочу чаралар, бажы тарифтери киргизилиши мүмкүн".

Британ премьер-министри Кир Стармер менен Шотландиядагы жолугушууда Трамп Украинага каршы агрессиясын улантып жатканы үчүн Путинден "көңүлү калганын" айткан.

14-июлда АКШнын президенти 50 күн берип, эгер бул маалда Москва сөзгө келбесе АКШ Орусияга жана андан энергетикалык ресурстарды алган өлкөлөргө бажы тарифтерин 100% көтөрөрүн жарыялаган.

Ошондой эле Трамп Украинага курал-жарак берүүгө даярдыгын билдирген.

Кремль Трамптын билдирүүсүнө реакциясын билдире элек. Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров дүйшөмбүдөгү сөзүндө Москванын Киевге койгон талаптарын кайталады. Кремль Украинага НАТОго кирүүдөн, Орусия оккупациялап алган өз аймактарынан баш тартуу талабын койсо, Киев аны кескин четке каккан.

Орусиялык политолог Борис Пастуховдун пикиринде, Путин бир нерсе деп айтардан мурун Трамптын планын, анын ыктымал кесепетин түшүнүп, таразалап чыгууну көздөйт. Эксперт Трамптын билдирүүсүнүн дагы бир өңүтүнө көңүл бурат:

“Менимче, азыр 10-12 күн деген чек коюу абдан кызыктуу маалга туш келүүдө. Муну эмнегедир кеңири талкуулашкан жок. Трамп мындай кадамга Шотландияда жүргөндө, Европа менен келишимге кол коюлгандан кийин дароо барып отурат. Ал Европа менен соода келишимине жетишти. Трамптын Путинге сес көрсөтүү планынын негизги бөлүгүн экинчи даражадагы санкциялар түзөт. Алар орус мунайын алган кардарларга, биринчи кезекте Кытай менен Индияга каршы багытталган. Башкача айтканда, Кытай менен Индияга 100 процент же андан ашкан тарифтер киргизилиши ыктымал. Трамп мындайга барууга аракеттенген, бирок шарттар ыңгайсыз экенин түшүнүп, бир жумадан кийин баш тарткан. Ал чаралар АКШнын экономикасына залака тийгизиши мүмкүн экенин түшүнгөн. Ал эми Европа менен макулдашууга жетишкенден кийин Кытайдын жана Индиянын рыноктору боюнча бирдиктүү позиция иштелип чыгат деп үмүттөнөбү? Муну менен Орусияны, тагыраагы, Кытай жана Индияны коркутуу үчүн бажы төлөмдөрүн эселеп жогорулатып, аларды Москва менен кызматташуудан баш тарттырса болот деп ойлойбу? Теориялык жактан алганда аны жокко чыгара албайбыз. Бирок иш жүзүндө бул план кантип ишке ашарын элестетүү кыйын".

Киев Трамптын Москвага койгон жаңы шартын кубаттады.

"Трамп бүгүн өзгөчө маанилүү билдирүү жасады. Туура айтты, Орусия тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратып, согушту улантуу үчүн бар аракетин көрүүдө. Түнкү соккулар, Украинаны азап чектирүү. Биз санкция салуу чечүүчү мааниге ээ экенин өнөктөштөргө айтып келатабыз. Орусияга санкциялар, ошондой жоготуулар таасир этет. Кысым көрсөтүү менен тынчтык орнотсо болот. Украина урушту адилет аяктоо жана бекем тынчтыкты камсыздоо үчүн ар дайым Кошмо Штаттар, президент Трамп менен жемиштүү иштешүүгө даяр", - деп айтты украин президенти.

Айрым байкоочулар белгилегендей, Зеленскийге нааразылыгын билдирип келген Трамп Кремлдин дарегине айтылган катуу сөздөрдү чанда гана конкреттүү чаралар менен бекемдейт. Ал Путин менен мамилелери жакшы экенин айтып келген.

Мындан уламбы, айтор киевдик мугалим Мария Прокопенкодой болуп Орусия менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарына анча ишенбеген украиналыктар аз эмес:

"Путин адатынча амалкөйлүгүнө салып, Трампка бир нерсе убада кылат. Трапм ал жакшы киши деп ойлойт, анан экөө жылуу баарлашат. Андан кийин биз тарапка ракеталар учат. Бул алгоритмге айланып калды. Мындай схеманы бузуу үчүн эмне кылыш керектигин билбейм".

Катардагы элден айырмаланып саясий аналитик Михайло Давыденко Трамп эскалацияны эмес, тынчтык багытындагы аракеттерди көргүсү келерин так билдирди деп эсептейт. Анын айтымында, АКШнын лидери Путинге анын тарабында эместигин көрсөтүүнү көздөйт.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Украинанын 74 дрону атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Негизинен Брянск, Калуга, Смоленск жана Ростов облустары бутага алынганын кабарлады.

Шерине

XS
SM
MD
LG