Тажикстандын Турсунзаде шаарынын 40 жаштагы тургуну өзүнүн 15 жаштагы уулунун өлүмүнө байланыштуу камалды. Мунун алдында социалдык тармактарда ал баласынын бутунан байлап алып машинага сүйрөткөнү, өспүрүмдүн чаңга аралаш канжалаганы тартылган видеолор тараган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал жаран уулун акча уурдоого айыптап, ушундай ыкма менен жазалаганын билдирди. Окуя 26-июлда күндүз болгон жана өспүрүм алган жараатынан ошол күнү үйүндө мерт болгон.
"Кылмышка шектүү 15 жаштагы уулун эки жолу акча уурдоого, биринчисинде май айында 800 сомони, экинчи ирет июлдун башында 600 сомонини кымырып алганына айыптаган. Андан күнөөсүн мойнуна алышын талап кылып, уулун "Тико" үлгүсүндөгү машинасына күч менен салып кеткен. Эл жок ээн жакка алып барып, баласынын бутун эки метрлик трос менен байлап, машина менен 100 метрдей жерге сүйрөткөн",-деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.
Маалыматтарга караганда, соцтармактарга тарап кеткен видеону ал баланын атасы өзү тарткан.
Бул окуяга байланыштуу "денеге атайлап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.
Социалдык тармактарда атасынын уулун кордогону кызуу талкууланып, колдонуучулардын басымдуу бөлүгү кылмышка шектүү оор жаза алышы керектигин жазып жатат.
Коңшу өлкөдө соңку кездери үй-бүлөсүндө зордук-зомбулукка кабылган балдарга байланыштуу бир катар чуулуу окуялар катталды.
Шерине