Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Кыргызстанда былтыр мурдагы жылга караганда өлүм 2,3% көп катталды


Өкмөттө саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.
Өкмөттө саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.

Кыргызстанда былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу өлүмдүн көрсөткүчү 2,3% жогорулады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев 29-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди жана өлүмдүн себептерине алып келген ооруларды тизмектеди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен өткөн чогулушта саламаттык сактоо тармагындагы маселелер талкууланды.

"Өлүмдүн себептеринин тизмесинде мурдагыдай эле биринчи орунда кан айлануунун бузулуусу, экинчиси, шишиктер, үчүнчүсү, жаракаттар жана уулануулар, төртүнчүсү дем алуу органдарынын оорулары турат. Жыйында өлкөдө дарыгерлердин жетишсиздиги, айлыктын аздыгы, айрым медициналык мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоо керектиги, ошондой эле медициналык жабдыктардын таңкыстыгы айтылды. Талкуудан кийин медициналык кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн түп-тамырынан бери жакшыртуу, бул тармакка калктын ишенимин жогорулатуу жана системалык кемчиликтерди жоюуга байланышкан протокол бекитилди",- деп жазылган өкмөттүн маалыматында.

Кыргыз бийлиги саламаттык сактоо тармагын жакшыртып, реформа кылуууга бир канча жылдан бери эле аракет кылып келет.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл бул тармакка бюджеттен 49 миллиард сом каралган. 2021-жылы 26 миллиард сом бөлүнгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG