Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Манхэттенде куралдуу кол салуудан беш адам, анын ичинде ок чыгарган киши мерт болду


Манхэттенде асман тиреген имаратта куралчан киши төрт адамды атып салгандан кийин өзүнүн дагы жанын кыйды. Бул тууралуу Нью-Йорктун полициясы кабарлады. Киши колдуу болгондордун бири полиция кызматкери. Дагы бир адам оор жараат алды.

Нью-Йорк полиция департаментинин башчысы Жессика Тиштин билдиришинче, кылмышка шектүү 27 жаштагы Шейн Тамура Лас-Вегастан келген жана "психикалык оорулар менен жабыркаганы тууралуу" таржымалы болгон. Ал бул кандуу окуяны өзү жалгыз уюштурган жана эмнеге мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

CNN телеканалы полицияга шилтеме кылып Тамура Нью-Йоркко BMW үлгүсүндөгү машина менен 26-июлда келгенин кабарлады. Дүйшөмбү күнү кечинде ал Манхэттенде асман тиреген борборго кирип барып ок чыгарган.

Маалыматтарга караганда, ал курал алып жүрүүгө уруксатты Невада штатында алган.


Шерине

XS
SM
MD
LG