Улуттук банк 28-июлдагы чечими менен эсептик ченди 9,25% чейин жогорулаттты. Өлкөдө инфляция орточо чекте сакталып турганын кабарлады.
"Инфляциянын көрсөткүчү ушул жылдын башынан тартып 18-июлга чейинки аралыкта 4,6%, ал эми жылдык мааниде 8,7% түздү. Учурдагы баа динамикасы убактылуу жана сезондук факторлор менен, анын ичинде өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги төмөн статистикалык база менен байланыштуу. Инфляция түзүмүндө азык-түлүктүн баасынын көбүрөк өсүшү убактылуу жана сезондук факторлор, Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү салыштырмалуу жогору инфляцияда болушу менен шартталган",-деп жазылган маалыматта.
Былтыр май айында Улуттук банк эсептик ченди 11ден 9% чейин түшүргөн жана бул көрсөткүчтү бир жылдан ашык убакыт сактап турган.
Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизген. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тартып өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.
Эсептик чен инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.
Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт.
Шерине