Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:50

АКШ импорттолгон смартфон, компьютерлерди бажы тарифинен бошотту


Apple компаниясынын логосу.
Apple компаниясынын логосу.

Уюлдук телефондор, компьютерлер, процессорлор, чиптер, дисктер, сактоочу карталар жана башка бир катар электрондук каражаттар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мурда киргизген импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Бул товарларга дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө киргизилген 10% жана Кытайга карата кошумча 125% тарифтер тиешелүү эмес.

Bloomberg бул тизмени АКШнын Бажы жана чек ара кызматы 12-апрелде жарыялаганын билдиржи. Маалыматты Reuters жана башка басылмалар да тастыкташты.

АКШнын Бажы кызматтарынын билдирүүсүндө, бул тизме тууралуу түшүндүрмө берилген эмес. Ак үй да эч кандай комментарий берген жок.

Reuters басылмасы белгилегендей, бажы төлөмдөрү технологиялык гиганттар - Apple же Dell сыяктуу компаниялардын өндүрүшү жана жеткирүүлөрү Кытайга көз каранды болгону үчүн түз таасир тийгизмек деп жазышты. Мындан улам керектөөчүлөрдү “баалардын кескин өсүшүнөн” коргоо үчун администрация көп колдонулган электрондук товарларды бул тизмеге кошкон. Антпесе, баанын кескин өсүшү администрациянын саясатына карата нааразылыктын күчөшүнө алып келмек.

Дональд Трамп 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Айрыкча ал Европа Биримдигинен импорттолгон товарларга 20 пайыздык тариф кирерин билдирди. Британия үчүн бул көрсөткүч 10 пайызды түзөт, ал эми айрым өлкөлөр үчүн — 40 пайыз жана андан да жогору болушу мүмкүн. Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизери күтүлүүдө.

  • 9-апрелде Трамп 75тен ашуун өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялады. Ошол эле маалда Кытайга карата бажы төлөмдөрү 125 пайызга чейин көтөрүлдү. Мунун артынан эле Кытай да жооп кайтарып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125 пайызга чейин жогорулата турганын жарыялады.
  • Евробиримдик да АКШ товарларына 25 пайыздык бажы төлөмдөрдү киргизүүнү 90 күнгө жылдырды. Бул кадамдар соода согушунун жаңы толкунун баштап, глобалдык экономикалык чыңалууну күчөтүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG