Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Жайкы лагердеги таалим


Татьяна Зеленская тарткан сүрөт
Татьяна Зеленская тарткан сүрөт

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байге жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

“...диний багытта уюштурулган көпчүлүк жайкы лагерлерде 15–20 күн жүрүп келген 10–13 жаштагы тестиер балдар ата-энесинин сөзүн жактырбай, каяша айтып калган фактылар көп болуп жатат” , – деп пост жазды Фейсбуктагы барагына акын Азамат Омош. Таалим-тарбия ишине мугалимдер же молдолор эле эмес, ата-энелер да, жалпы коомчулук да жигердүү катышуусу зарылдыгын качан аңдап-билебиз?

Таалимдеги үч бурчтук

Соӊку жылдары көп ата-энелер балдарын жайкы лагерлерге жөнөтүп жатышат. Тоого чыгып, көлгө түшүп, спорттук жана башка түркүн оюндарга аралашып эс алганга не жетсин. Айрыкча телефондон башын көтөрбөй калган адаттан арылтуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатпайбы. Бирок лагерге кимдер чакырып жатканын, алар бере турган таалимдин мазмунун ата-эне билиши, балдардын өсүшүнө жараша өздөрү да өзгөрүшү зарыл. Бул жагы эске алынбаса үй-бүлөдөгү ич ара ишеним, сырдаш мамиле калыптанбайт, бар болсо, сакталбайт.

Мектеп (же лагерь) канчалык жакшы таалим берсе да үй-бүлөнүн орду башка – анын таасирин эч ким, эч нерсе алмаштыра албайт, алмаштырууга тийиш да эмес. Ошондуктан баласы менен жакын болууга ата-эне өздөрү кызыгып, дайым көӊүл бөлүп, сүйлөшүүгө убактысын аябашы керек.

Бир топ жыл мурун мыкты бала бакчалар тууралуу сөз болгон жыйында тарбиячылардын бири мындай дегени эске түштү:

"Албетте, биздин ишибизге жакшы баа берилип жатканына сүйүнөбүз. Бирок ата-энелер четте калбашы керек. Кээ бирлери кечкисин үйгө алып кетпей, алтынчы-базар күндөрү деле бакчада калтыралы дешет. Өздөрү той-топурга көп барышат...".

Балдардын жакшы өнүгүп-өсүшү үчүн “Мектеп (же лагерь) – Бала – Үй-бүлө” үч бурчтугу бекемделип, б.а. бири-биринин ишин толуктап, кубаттап турушу керек. Ата-энелерге жардам берүү жагынан Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын, анын алдында чейрек кылымдан бери иштеп келаткан энелер мектебинин тажрыйбасын иштиктүү, кеӊири жайылтуу зарыл.

Айырмачылык касташууга негиз болбошу керек

Ал эми акын Азамат Омоштун постунда жайкы лагердеги таалим мазмуну, сапаты жакшы болушу устаттардын педагогикалык, психологиялык билимине, даярдыгына жараша болору туура белгилениптир:

“...Кыргыз коомунда дин тутунгандар менен өздөрүн динден эркин санагандардын көз карашындагы чоң ажырымга биздеги диний аалымдардын заман менен тең жүрө албаган кашаңдыгы себепкер деп эсептейм. ...Диний багытта уюштурулган көпчүлүк жайкы лагерлерде 15–20 күн жүрүп келген 10–13 жаштагы тестиер балдар атасы менен энесинин сөзүн жактырбай, мунуң туура эмес деп каяша айтып калган фактылар көп болуп жатат. Ошондуктан бул лагерлерде педагогикалык билими бар устаздар сабак берсе жана окуучуларды тозок менен эле коркутуп салбай, бул тирүүлүктөгү канчалаган жакшы нерселер жөнүндө таалим сабактарын өтүү боюнча бирдиктүү усул иштелип чыгып, ошонун негизинде тарбия беришсе деген гана ак ниет ойдомун. Антпесе дин тутунгандар менен дин тутунбагандардын ортосундагы агрессивдүү ажырым эч качан жок болбойт”.

Маданий, рухий чөйрөлөрдөгү айырмачылыктарды жок кылууга умтулган адамдар өтө опурталдуу жагдайдын түзүлүшүнө түрткү берери анык (өздөрү муну каалабаса да). Анткени бул жарыкта түшүнүгү, дүйнө таанымы бипбирдей болгон эки адам табылбайт. Андай болушу мүмкүн эмес, керек да эмес.

"Билем" дегендер эмнени билет?

Ырас, балдарга динди үйрөтөм дегендердин көпчүлүгүнүн ниети жакшы эле болушу мүмкүн. Бирок өздөрүнүн түшүнүгү тайыз болгондуктан кыйласы өтө примитивдүү ойлорду таңуулап, артык эмес, тыртык кылып алышат. Балдарды ата-энесине каршы коюучу мындай "таалим" керек эмес, албетте.

Жаш бала эмес, чоң эле молдолордун көбү жакшы түшүнбөгөн (бирок түшүнөм деп ойлогон) нерселер бар. Көптөгөн хадистердин, Курандагы аяттардын тарыхый, маданий, психологиялык ж.б. контекстин эске алуу менен кайсыларын тандап, кимге, кантип түшүндүрүү керектигин билбей эле баарын аралаштырып айта бергендер көп.

Жашы жете электердин аң-сезимине бүлүк салуудан сактанып, мисалы, бейиш менен тозок жөнүндө аларга эмнелерди кантип айтууга болорун, эмнелерди сөз кылбай коё туруу керектигин ошол молдолорго окутуу зарыл.

Балдар диний эмес багыттагы илимий билимден, улуттук маданий-көркөм нарктардан куру калбоого тийиш.

Бипбирдей ойлонуу мүмкүн эмес

Сөз соӊунда динчил жана диний эмес чөйрөдөгү фанатизм жөнүндө ой жүгүртөлү.

Нобел сыйлыгынын ээси Орхан Памуктун “Кар” романында Түркия өкмөтү кыз-келиндердин жоолук салынуусуна уруксат бербей койгондо коомду кандай чоӊ жаракага тушуктурганы абдан таасирдүү баяндалган.

ХАМАС уюмунун террордук чабуулу Газадагы апаатка, канды булоон кыргынга себеп (же шылтоо) болду.

1990-жылдарда кошуна Тажикстанда ислам бийлигин орнотобуз деген жоочулардын ырайымсыз өкүмдөрү иш жүзүндө калктын, айрыкча жаштардын динге болгон мамилесин кыйла начарлаткан.

Советтер Союзун кыйроого жеткирген эӊ негизги себептердин бири – экономикадагы көз боёмочулукка айланган пландуулук жана улут саясатындагы кечиримсиз каталар менен катар компартиянын рухий чөйрөдөгү монополиясы болгон. Дал ошол “биздики гана чын, башкача ойлонгондордун баары душман” деген саясат, анын бир бутагы ашынган атеисттик идеология да коомдогу биримдикти ичкериден ыдыраткан.

Азыр кыргыз коомунда динге чын ыкластан ишенип, жеке жашоо таризин ислам нугуна салууга аракеттенгендер көп (айтмакчы, дини башка же диний жөрөлгөлөргө анча кызыкпаган, бирок иш жүзүндө чыныгы мусулмандай жашаган элдер да көп).

Элдин баары намазга жыгылса эле маселенин баары чечилип калбайт. Эч ким мечитке барбай калса эле динге жамынган бузукулар да жок болуп кетпейт.

Ар нерсенин чегин, ордун колдон келишинче тагыраак аныктап, көз карашы, түшүнүгү айырмалуу чөйрөлөрдүн каршылашуусуна, кагылышуусуна жол бербешибиз керек.

“Таң калыштуу, бирок эч ким тана алгыс чындык ушул: жер жүзүндөгү кайгы-капа менен жамандыктын баары, дайрадай аккан кан менен көлдөгөн көз жаш, көрдүк, азап-тозоктун баары, кеминде 99 пайызы – жакшылык кылам деп, кайсы бир эрежелерди жер жүзүнө дароо жайылтыш керек деп, жамандыкты жок кылам деп ашыкча чамынган фанатизмдин жыйынтыгы”, - деп жазган экен орус философу Семен Франк.

"Жакшы эле ниет менен тозокко жол чаап алба" деген эскертүү бир жарым–эки миӊ жылдай мурун бекеринен айтылбаган.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG