Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзамга 18-июлда кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 11-июндагы жыйынында кабыл алган.

"Аталган мыйзам кыргыз каада-салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган",-деп жазылган президенттин администрациясы тараткан маалыматта.

Парламентте талкуу маалында бул долбоордун авторлорунун бири Мирлан Самыйкожо документти президент аны артка кайтаргандан кийин комиссия түзүлүп, баары макулдашылганын билдирген.

Мыйзамда жарандардын тегатын (фамилиясын, атасынын атын) жазууда үч вариант сунушталган.

– атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп же кошулбастан жазылат. Бул учурда балага атасынын аты ыйгарылбайт;

– чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;

– чоң атасынын ысымы боюнча ага “тегин” деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттардын өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет.

Шерине

XS
SM
MD
LG