Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Дейр ал-Балах: ЦАХАЛдын операциясы, барымтадагы туткундар, палестин качкындары


Дейр ал-Балахтан жек которгон газалыктар. 21-июль 2025-жыл
Дейр ал-Балахтан жек которгон газалыктар. 21-июль 2025-жыл

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газанын Дейр ал-Балах шаарындагы операциясын улантууда. Маалыматка караганда, танктар турак жайлар менен мечиттерди аткылап жатат. Израил террорчулардын инфраструктурасын жок кылууну көздөгөнүн айтып келатат.

Газа шаарында 21-июлга караган түнү качкындар башкалкалаган чатырлар аткыланганда 12 киши каза тапканын, ондогону жарадар болгонун палестиналык анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Израил тарап бул окуя боюнча комментарий жасай элек. Ал тапта израилдик армия – ЦАХАЛ Газанын Дейр ал-Балах шаарындагы операциясын улантууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Израилдин армиясы алардын кызматкерлери жашаган жана Дейр ал-Балахтагы негизги кампасына чабуул койгонун билдирди:

"Израилдин аскерлери чөлкөмгө кирип барып, кармаш жүрүп жаткан шартта аялдар менен балдарды ал-Маваси деген жерге жөө кетүүгө мажбурлады. Уюмдун эркек кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн колуна кишен салып, кийимин чечтирип, ошол жерде эле тапанча такап тинтишкен”, - деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө.

ЦАХАЛ 21-июлда эртең менен тилкенин борборундагы Дейр ал-Балах шаарында абадан жана жерден операциясын баштап, танктар киргизилген. Ал күнү үч киши каза тапканы маалымдалган. Террорчулардын инфраструктурасын жок кылууну көздөгөнүн айткан Израил адам өлүмүн комментарийлеген жок.

Операциянын алдында жергиликтүү тургундарга ал жерден чыгып кетүү көрсөтмөсү берилген.

Бул калаада 2023-жылдын октябрында башталган согуштан бери аскердик аракеттер жүрө элек болчу. Израил барымтадагылардын айрымдары ошол жерде кармалууда деп ишенет.

Дейр ал-Балахта анклавдын түштүк жана чыгыш тарабынан кармаштардан качып, ооп келген палестиналыктар башкалкалап келатат.

Тамак-аштын кезегинде турганда ок жеген газалыктар. 20-июль 2025-жыл
Тамак-аштын кезегинде турганда ок жеген газалыктар. 20-июль 2025-жыл

Дүйшөмбүдө Британия жана 20дан ашуун өлкө Газадагы согушту дароо токтотууга чакырып, Израилдин өкмөтүнүн тамак-ашты таратуу ыкмасын сындашты. Жүздөгөн киши ошондой борборлордо кезекте турган кезде окко учкан.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Израилдин гуманитардык жардам берүү системасы кооптуу жана газалыктардын адамдык ар-намысына шек келтирерин, башаламандык жаратып, андан ХАМАС пайдаланып жатканын айтты:

"Мен Израил өкмөтүнүн аракеттери өлкөнүн дүйнөлүк сахнадагы аброюна көлөкө түшүрүүдө жана узак мөөнөттүк коопсуздугуна коркунуч жаратат деп бекем ишенем. Премьер Нетаньяху өз элинин жана жакындары барымтада кармалып жаткан адамдардын мүдөөсүнө кулак салууга тийиш. Израилдиктердин 82% ок атууну токтотууну каалайт. Барымтага алынгандар Газадагы урандылар астындагы тар туннелдерде кармалып жатышы ыктымал. Биз аларды жана ХАМАСтын жийиркеничтүү иштерин унутпайыз. Согушкерлердин колундагы кишилердин шарт койбостон бошотулушун талап кыла беребиз".

Израил мындан 21 ай мурун Еврошаркетте жана АКШда террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы урушун баштаган. Ага жоочулардын Израилдин аймагын аткылап, бир күндө 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 чакты кишини барымтага алганы себеп болгон.

Ошондон бери ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси маалымдагандай, Газада 59 миңден көп киши каза тапты.

Расмий Тель-Авив тилкедеги согушкерлерди жок кылууну, барымтадагыларды бошотууну көздөрүн билдирип келет.

Ошентсе да Израилдеги туткундардын жакындары ЦАХАЛдын Дейр ал-Балахтагы операциясына тынчсызданып турушат. Алардын бири, кызы 2023-жылдын 7-октябрында концерт маалында барымтага алынган Элкана Бохботтун апасы Рухама Бохбот:

"Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө алга жылуу байкалып, келишим болушу мүмкүн деп жаткан маалда эмне үчүн аскерлер шаарга кирип барышканын түшүнбөй, сарсанаа болуп турам... Барымтадагылар 40 метр жер астындагы жайларда отурганын унутпоо зарыл. Бул жагдай аларга гана эмес, аскерлерге, коопсуздук кызматкерлерине да коркунуч жаратат".

Ушу тапта согушкерлердин туткунунда 50дөй киши кала берүүдө, болжол менен 20 чактысы тирүү.

Тое тамактанбаган балага жардам берилүүдө. Рафах. Архив
Тое тамактанбаган балага жардам берилүүдө. Рафах. Архив

Ал арада 20-июлда Улуттар уюму Газадагы гуманитардык абал начарлап баратканын, Рантиси балдар ооруканасында тое тамактанбаган наристелердин саны кескин көбөйгөнүн билдирди. Дарыгерлер энелер өздөрү тамак-аштын тартыштыгынан жапа чеккенин белгилешет.

Рейтер агенттигинин кабарчысы ооруканада жаткан ымыркайдын энесин сөзгө тартты:

"Өзүңөр көрүп тургандай, сүт чыкпай, баламды эмизе албай калдым. Кызымдын саламаттыгы абдан начарлап кеткенде ооруканага күнүгө келе баштадым. Балдардын жалаяктарын жана сүттү өткөрүүгө уруксат беришет, чек ара өткөөлдөрү гуманитардык жардам үчүн ачылат деп үмүттөнөм. Баласы кыйналганын көргөн эненин жүрөгү чыдабай кетет".

19-майда Израил 11 апталык блокаданы алып, Улуттар Уюмуна чектелген көлөмдөгү жардамды жеткирүүгө уруксат берген.

Израилдин тиешелүү агенттиги бир жарым миллион тонна азык-түлүктүн, анын ичинде ымыркайлардын тамагынын тилкеге жеткирилишине шарт түзгөнүн билдирди.

ЮНИСЕФтин өткөн айдагы маалыматына ылайык, Газада 6 миңге чукул жеткинчекке чала тамактануу диагнозу коюлган. Бир миңдей наристе дээрлик ачарчылыкка туш болгон.

Ал эми Катар, АКШ жана Египеттин арачылыгы менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG