Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:29

Ош мэриясы "Келечек" базары 31-июлда көчүрүлөрүн билдирди


Ош шаары, архивдик сүрөт.
Ош шаары, архивдик сүрөт.

Ош шаарынын мэриясы айрым соодагерлердин нааразылыгына карабай “Келечек” базары 31-июлда көчүрүлөрө баштарын билдирди. Ушул жылдын май айында мэр Жеңишбек Токторбаев базарда иштегендерге бир канча вариант сунуштаганын, бирок соодагерлер ага макул болбогонун билдирди.

"Бул базардын жетекчилигине бир жыл мурда соодагерлерди борбордук базар жактагы 3 гектар жерге көчүрүп кетүү сунушталган. Бирок базар ээлери ал жакка жаңы соода жайын куруудан баш тарткан. Быйыл да "Келечек" базарын көчүрүү маселеси көтөрүлүп, соодагерлерге 3,5 гектар жер бөлүп берүү менен азыркы олтурган контейнерлерин көчүрүп алып барып, орнотуп алуу сунушталган. Же ошол жерге инвестор таап жаңы базар куруп алуу тууралуу сунуш берилген. Бирок соодагерлер макул болгон эмес. Шаар мэриясы "Келечек" базарын жаңы борбордук базарга көчүрүүнү 31-июлга пландап жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин бул базарда соода кылгандар көчүрүүгө нааразы болуп бир канча жолу акция өткөргөн.

Чогулгандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен сатып алышканын, колунда "кызыл китептери" турганын айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешкен. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей, чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болуп келишкен.

Мэрия шаардагы негизги базарлар 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөнүн билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.

Шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болору, 25 катарга жайгашары маалымдалган, базардын жанына 1,5 миң машинага токтоого ылайыкташкан жай даярдалары айтылган.



Шерине

XS
SM
MD
LG