Судьялар кеңешинин 4-июлдагы жыйынында үч судьяны жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу четке кагылды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.
Башкы көзөмөл орган Биринчи май райондук сотунун судьясы Ш.М.Б, Баткен райондук сотунун судьясы Т.И.Т, Лейлек райондук сотунун судьясы Е.С.Аны жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш берген.
Маалыматка ылайык, жыйында баяндаманы угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулагандан кийин прокуратуранын сунушун четке кагуу чечими кабыл алынган. Биринчи май райондук сотунун судьясы Ш.М.Бге тартиптик жаза берилген.
Башкы прокуратура аталган судьяларды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунушуна эмне негиз болгону айтылат жок. (TSh)
Шерине