Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04

Орусия АКШдагы Йел университетин "жагымсыз" уюм деп тапты


Йел университети
Йел университети

Орусиянын Башкы прокуратурасы дүйнөдөгү кадыр-барктуу окуу жайлардын бири - АКШнын Коннектикут штатындагы Йел университетин "жагымсыз" уюм деп тапты. Бул тууралуу маалымат мекеменин веб-сайтына жарыяланды.

Эми Орусияда Йел университети менен кандай гана байланыш болбосун мыйзамсыз деп саналып, кызматташкан жарандар административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Башкы прокуратура Йел университетинин иши "Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга, эл аралык блокадага кептеп, экономикалык алсыздандырууга багытталган" деп тапкан. Америкалык университет чет жактагы орусиялык активдерди алып коюунун негиздемелерин иштеп чыккан жана Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө үңдөгөн деген кине коёт.

Ошондой эле Йел университетинин алдында Эл аралык мамилелер мектебинде "чет мамлекеттердин оппозициялык лидерлерин окутуу" жүргүзүлөт деп сындайт.

Прокуратанын билдирүүсүндө аты-жөндөрү айтылбаган менен ал жерде окуган Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчилери жана активисттери "Орусияда нааразылык маанайды күчөтүү үчүн Йелде алган билимин жана үйрөнгөн технологияларды колдонгон" деп күнөөлөйт.

Бул университеттин Conflict Observatory программасынын эксперттери Орусиянын Украинадагы согушта ыктымал аскер кылмыштарын жана украин балдарын күчтөп чыгарып кетүү фактыларын документтештирүүгө катышкан.

Йел университетинде 12 миңден ашуун америкалык жана чет элдик студент билим алат. Илимий изилдөө жагынан дүйнөдөгү эң мыкты делген алдыңкы ондукка кирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG