Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

УКМК Арабаев университетинде мыйзам бузуу аныкталып, 59 студент окуудан айдалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, чет элдик студенттер окуу жайга кабыл алынганы менен чет өлкөдө болуп, окууга катышпай жүргөнү такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (“Кызматтык жасалмачылык”) 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынган. Алардын 30у Өзбекстандын, 20сы Казакстандын жана 9у Орусиянын жарандары болгон.

Учурда окуу жайдын кызматкерлеринин арасынан мыйзам бузууга тиешеси барларды аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр жогорку окуу жайларында коррупцияга каршы күрөш жүрө турганын билдирген. Андан кийин Бишкектеги И.Раззаков атындагы техникалык университетте 153 студент окуудан айдалып, эки окутуучу жумуштан алынган.

УКМК быйыл апрелде Баткен мамлекеттик университетинде 2020-2024-жылдар аралыгында 17,3 миллион сом зыян келтирилгени аныкталганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG