Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Каржы рыногун жөнгө салуу кызматы унаа камсыздандырбагандарга айып салынарын эскертти


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы автоунааны камсыздандыруунун мөөнөтү эки айга жылды деген маалыматты четке какты.

Мекеменин 1-июлда тараткан маалыматына ылайык, бүгүндөн тарта автоунааны камсыздандырбагандарга айыптар салына баштайт.

Мекеме буга чейин социалдык тармактарга унааны камсыздандырбагандарга айып салуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин жылганы боюнча чыккан билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын тактады.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 1-июлга чейин автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга 1-сентябрга чейин убакыт берилгенин билдирген.

Маалыматка ылайык, 30-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жолугуп, жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин шейшембиге чейин албай калган айдоочулардын маселесин талкуулашкан.

Бул жолугушууда Элдияр Калдарбеков айдоочулардын бир бөлүгү техникалык же башка себептерден улам полисти алууга үлгүрбөй калганын айтып, милиция кызматкерлерин андай жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган. Жыйын соңунда полис албаган айдоочуларга убактылуу айып пул салбай, эскертүү берүү чечими кабыл алынган.

2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салына баштамак. Декабрь айынын соңунда Министрлер кабинети бул мөөнөттү 1-июлга чейин жылдырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG