Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

"Саламаттыгы жакшы эмес". Журналисттер Мамыркулованы абактан чыгарууну суранууда


Канышай Мамыркулова Октябрь райондук сотунда. 17.06.2025
Канышай Мамыркулова Октябрь райондук сотунда. 17.06.2025

Журналист Канышай Мамыркулованын соту эксперт-лингвист келбей койгонуна байланыштуу 26-июнга жылып кетти. Үч ай мурун камалган журналисттин саламаттыгы начарлаганын айткан кесиптештери аны үй камагына чыгарууну суранып, бийликке кайрылып жатышат.

Дарыгерлер Мамыркулованын омурткасы, бөйрөгү ооруйт, буту шишип жатат деген тыянак чыгарып беришкен.

Сотко эч себепсиз келбей койгон эксперт

Журналист Канышай Мамыркулованын 17-июндагы сотунда Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызматтын эксперти Таалайбек Абдыкожоев суралмак. Ал Мамыркулованын Фейсбукка жазган постторунда “массалык башаламандыктын белгилери бар” деген тыянак чыгарып, буга чейинки отурумда да прокурордун, адвокаттардын суроолоруна жооп берген. Бул жолкусунда Канышай Мамыркулова суроо узатмак. Соттун жүрүшүндө прокурор эксперт эч негизсиз эле отурумга келбей койгонун, бир күн мурун телефон чалса албай койгонун айтты.

“Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айыпталган журналист Канышай Мамыркулова 20-марттан бери камакта отурат.

Канышай Мамыркулованын соту.
Канышай Мамыркулованын соту.

Журналисттин ишине байланыштуу кийинки соттук отурум 26-июнга дайындалды. Сот залынан чыгып баратып Мамыркулова мындай деди:

"Эксперт келбей жатат. Келсе дагы суроо берет элек. Ден соолугум көрүп турганыңардай эле. Отурумга канааттанган жерим жок. Кандай иш болуп жатканын, эмне болуп жатканын көрүп турасыңар да. Укук коргоо органдары Кыргызстандын президентин бир аялдын ишинде жабырлануучу катары көргөзбөй эле койсо болмок. Бул туура эмес нерсе. Менин кылмыш ишимде Мамыркулова менен эле президенттин аты аталат да”.

Канышай Мамыркулова камалгандан тартып эле журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин айтып келишет. Алар Мамыркулованы үй камагына чыгарууну, иштин акыйкат тергелишин өтүнүшкөн эле. Аталган кайрылууга 150дөй журналист кол койгон.

Кайрылууга кол койгон жарандык активист Аманбол Бабакулов азырынча катка жооп келе электигин айтты.

"Катта Канышай Мамыркулованы үй камагына чыгарып берүүнү суранышкан. Анткени анын ден соолугу жакшы болбой жатат. Үй камагына чыгарып коюп деле ишти тергей берсе болмок. Өткөн жумада томографиядан өткөн. Ошондо омуртка оорусу (грыжа) бар экени, бөйрөгү ооруп, буту шишип жатканы аныкталган. Дарыгерлердин тыянагы да бар. Мамыркулова күн ысыганы да кыйналып жатат. Дагы жакшы, ал кармалып турган биринчи кабат салкыныраак экен", - деди Бабакулов.

Мындан тышкары адвокаттар Канышай Мамыркулованын туруктуу жашаган, иштеген жери бар экенин, өзү жалгыз бой эне экенин да жүйө келтирип, аны үй камагына чыгаруу керектигин айтып келишет. Бирок буга чейин райондук, шаардык сотто бөгөт чарасы каралганда адвокаттардын мындай мазмундагы өтүнүчү четке кагылып келген.


Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу посттон кийин ачылган кылмыш иши


Буга чейинки отурумдарда прокурор Нурсултан Эстебесов Канышай Мамыркулова март айында Фейсбуктагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу чакырыктарды жасаганын, дал ошол посттор мыйзамга каршы келерин билдирген эле.

"Мамыркулова болжол менен март айынын башынан баштап 20-мартка чейин […] өзүнүн 18 миңден ашуун катталуучусу бар Фейсбук социалдык тиркемесиндеги жеке баракчасы аркылуу Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча негативдүү (...) маалыматтарды таратып, эл алдында сүйлөө өнөрүнө ээ болуу менен элди туура эмес нукка ынандыруу максатында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында улут аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасаган”, - деген мамлекеттик айыптоочу.

Прокурор айтып жаткан маалда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу документке кол коюлган эле. Рахмондун Бишкек сапарын кыргызстандыктар ар кандай мааниде кабыл алышкан. Анткени 2021-жылдагы чек ара чатагынан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууй түшкөн болчу. Негизи эле чек арага байланыштуу чечим кабыл алынып, кийин Рахмондун Бишкек сапары боюнча Канышай Мамыркулова пост жазып турган эле.

Журналистти колдоп сотко келген коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Мамыркулова мыйзамсыз айыпталып жатат деген ойдо.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

"Тажиктер менен кагылыша кеткенде агрессия деп баарыбыз айтканбыз. Президент да БУУда ушундай сүйлөгөн. Эми агрессия деп бирөө жазса, аны көчүрүп бөлүшкөн Канышайды бийликти басып алганы жатат деп камап коюу туура эмес. Бул мыйзамсыздык. Канышай тили курч, такшалган журналист. Ал буга чейинки президенттерди да жазып келген. Өмүрү узун болсо мындан кийинкилерди да жазат. Аны мыйзамсыз айыптоо туура эмес. Жакында эле Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун 80 жылдыгы болду. Ошондо президент дагы, башкалар дагы Анатай акынды "хандан, бектен кайра тартпаган акын" деп мактап куттуктады. Анын бетке айткандыгы - 2016-жылы Атамбаевге "этегиңди кага кет, эшигиңди жаба кет" деп жазган. Анатай Өмүркановду мактоо туура. Бирок ошондой эле эч кимден жазганбай, пикирин ачык, так айтып жаткан Канышайдын камалганы туура эмес болуп жатпайбы. Коомдо ар бир адам пикирин айтууга акылуу болуш керек. Уят эле иш болуп жатат да. Канышайды чыгарып койгон туура болот".

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” медиасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Мамыркуловадан соң бир нече журналист суракка чакырылып, “Клооп” порталынын эки кызматкери "массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен камакка алынды. Буга байланыштуу өлкөдөгү медиа коомчулук, бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, бийликти журналисттерге куугунтукту токтотууга чакырууда. Расмий бийлик кармалгандардын баары мыйзам бузууга шектелип камалганын айтып, өлкөдө сөз эркиндиги бар деген позицияны кайталап келүүдө.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG