Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:22

Иран Израилге кайрадан сокку урду


Ирандан атылган ракеталар Иерусалимдин түнкү асманында. 14-июнь, 2025-жыл.
Ирандан атылган ракеталар Иерусалимдин түнкү асманында. 14-июнь, 2025-жыл.

Ишембинен кечинде Ирандын ракеталык чабуулу уланды. Бул Израилдин Ирандагы өзөктүк жана аскердик обьекттерди бутага алган операциясы башталгандан берки экинчи чабуул.

Маалыматтарга караганда бул жолу Иран Израилдин түндүгүндөгү Хайфа шаарын бутага алды. Айрым маалымат булактары Иран Хайфадагы портту жана мунай иштетүүчү заводду аткылоону көздөгөнүн жазышты. Жергиликтүү басылмалар ракеталардын бири калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар түзгөн Тамра шаарындагы калктуу аймакка түшкөнүн маалымдашты.

Израил маалымат каражаттары Ирандын чабуулунан 10 чакты адам жараат алганын, бир адам набыт болгонун кабарлашты.

Израилдин тылдагы күчтөрү элди коопсуз жайларда кала берүүгө чакырууда.

Ирандын чабуулу менен катар эле Израилдин аба күчтөрү да Тегеранга жаңы чабуул жасалганын кабарлады. Маалыматтарга ылайык, сокку Йемендин хуситтердин көзөмөлүндө турган бөлүгүнө урулган. Израилдик басылмалар жазышкандай, бутага Тегерандын айланасындагы мунай объекттер алынган болушу мүмкүн.

Израил 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасашына тоскоолук жаратууну көздөгөнүн билдирген.

Ирандык медианын маалыматына ылайык, жума күнү Израилге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул Тегерандын Израилдин соңку чабуулдарына берген алгачкы жообу катары бааланууда. Эки тараптан тең адам өлүмү катталганы кабарланды. Согуш шартында маалыматтарды тактоого мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG