Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тапанча менен ок атып, башка адамды коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу 10-июнда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 9-июнда аталган райондун Новопокровка айылынын тургунунун өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Фактыны текшерүүнүн жүрүшүндө 2007-жылы туулган А.А. аттуу жаран 1992-жылы туулган М.Р. аттуу жаранды мурда бир нече жолу коркутууга алып, ошол күнү “ТТ” үлгүсүндөгү тапанчадан ок чыгарып, опузалаганы аныкталган.
Милициянын ыкчам кызматкери окуя болгон жерге барган учурда М.Р. аттуу жарандын өмүрүнө коркунуч жаралганын байкап, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу максатында мыйзамга ылайык асманга эскертүүчү ок чыгарышкан.
Шектүү А.А. окуя болгон жерде кармалып, тапанча, ок-дарылар жана гильзалар далил катары алынган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө маалында А.А. билдиргендей, М.Р. менен болгон чатак жеке мамилелердин негизинде чыккан. Шектүү ок чыгарган куралды Ысык-Көл облусунан алып келгенин билдирген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгында мыйзам чегинде тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат. (ErN)
Шерине