Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон өспүрүм Шерзат Болаттын иши боюнча соттук отурум уланууда. Сот отурумунда прокурор өспүрүмдүн өлүмү боюнча айыпталып жаткан тогуз адамды бир жарым жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.
Маалыматка караганда, прокурор Дана Сарсенбай өспүрүмдү өлүмгө жеткирген сокку үчүн Абзал Чынасылды 23 жылга эркинен ажыратууну суранды. Чынасылга "Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү" беренеси коюлган.
Прокурор калган сегиз адамдын ичинен төрт адамга жети жыл, бир адамга тогуз жыл, дагы бирине 15 жыл жана жашы жете элек дагы бир шектүүнү бир жарым жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Мындан тышкары, мамлекеттик айыптоо жабырлануучулардын материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптарын толугу менен канааттандырууну суранууда.
Шерзат Болаттын иши боюнча соттук отурумдар ушул жылдын май айында башталды. Алар коңшу өлкөдө резонанс жаратып, кызуу талкуу менен коштолду.
Былтыр 4-октябрда Талгарда Шерзат Болат ата-энеси ижарага алып иштетип жаткан дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Арасында мурда соттолгон, ар кандай кылмыштар, ээнбаштык үчүн жоопко тартылгандар, кылмыштуу топтун лидери атыккан киши бар экени кабарланган.
Баланын өлүмүнө байланыштуу бир нече, анын ичинде "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрым жергиликтүү жетекчилер, прокурорлор кызматтан алынган. (AiA)
Шерине