Стамбулдун Башкы прокуратурасы мэриянын 47 кызматкерин камакка алууга ордер берди. Алар пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Haberturk телеканалы кабарлады.
Телеканалдын маалыматына караганда, "мэриянын кызматкерлерин кармалышы мэр Экрем Имамоглунун ишинин алкагында" жүргүзүлүп жатат. Ушул тапта 31 кызматкер камакка алынганы маалымдалды.
Алардын арасында Стамбулдун Бешикташ жана Бүйүкчекмеже деген эки районунун башчылары бар. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Бүйүкчекмеже районунун башчысы ишкерлерден батирлерди алып же жергиликтүү баскетбол командасына "кайрымдуулук" кылууга мажбурлаган. Полициянын маалыматына караганда, райондун жетекчилери бул талаптарды аткарбаган ишкерлерге курулуш иштерин баштоого уруксат берген эмес.
19-мартта Түркиянын полициясы оппозициялык мэр Экрем Имамоглуну жана анын командасынын мүчөлөрүн – Имамоглунун кеңешчисин, Medya AŞ компаниясынын менежери Мурат Онгунду жана шайлоо кампаниясынын жетекчиси Нежати Озканды кармап кеткен. Аларга кылмыштуу топту жетектөө жана коррупция боюнча айыптар тагылган.
Ошондой эле 100дөн ашык адамды кармоо боюнча ордерлер чыгарылган.
Түркиянын Юстиция министрлиги бул иш саясий мүнөзгө ээ эмес деп ырастоодо. Ал эми Стамбулдун мэри өзүнө карата куугунтуктоону элдин эркине каршы сокку катары мүнөздөп, нааразылык акцияларына чыгууга чакырды.
Анын камалышы Эрдогандын атаандашын жок кылуу аракети катары бааланып, анын тарапташтарынын массалык нааразылыгын жаратып, бир нече күнгө созулган митингдер өткөн.
54 жаштагы Экрем Имамоглу 2019-жылдын март айынан бери Стамбулдун мэри кызматын аркалап келген. Түркиядагы президенттик шайлоо 2028-жылга белгиленген. (AiA)
Шерине