Жекшембиде АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында Газада барымтага алынган израилдиктерге колдоо көрсөткөн демонстрация маалында белгисиз адам чогулгандарга "Молотов" коктейлин ыргытты. Маалыматка караганда сегиз киши жарадар болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Агенттиктин жазганына караганда, кол салган адам "Палестинага эркиндик!" деп кыйкырып турган. Боулдер шаарынын полициясы жашы 52ден 88ге чейин төрт эркек киши төрт аял жабыркаганын кабарлады.
"Алдын ала маалыматтар бул максаттуу жасалган чабуул экенин көрсөттү жана ФБР аны террордук акт катары баалап жатат", - деп айтылат полициянын маалыматында.
Reuters полицияга шилтеме кылып, шектүүнүн аты-жөнү Мохамед Солиман экенин жана окуядан көп өтпөй камалганын жазды. Боулдер шаарынын полициясынын башчысы Стивен Редферн билдиргендей, кол салууну шектүү жалгыз уюштурган.
Кол салуу Колорадо университетинин жанындагы Pearl Street Mall соода борборунда Газада барымтага алынган жөөттөрдү колдоо акция учурунда орун алган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чогулган элге алар “жөөт болгону үчүн гана” кол салуу болгонун айтып, АКШ бийлиги “кылмышкерди толук жоопко тартат” деген ишенимин билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрация башчысынын орун басары Стивен Миллер X социалдык тармагына Мохамед Солиман виза режимин бузуп, мурунку президенттин тушунда иштөөгө уруксат алганын жазды. Ал бул окуяны “миграция саясатын түп-тамырынан бери карап чыгуу зарылдыгынын дагы бир далили” деп атады.
Буга чейин 21-майда Вашингтондогу Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып өлтүрүлгөн. Маалыматка караганда, аларды Вашингтондун борборунда жайгашкан Жөөт музейинин жанында жакын жерден атышкан.
2023-жылдын 7-октябрында АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган согуш аралыгында Газада 54 миңдей адам каза болду. (AiA)
Шерине