Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:01

Стамбулда украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөт


Украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы, Стамбул, 16-май 2025-жыл
Украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы, Стамбул, 16-май 2025-жыл

Стамбул шаарында бүгүн, 2-июнда Украина менен Орусиянын түз сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөт.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан төрагалык кылган жолугушуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00до башталат. Эки тараптан тең биринчи сүйлөшүүгө келген делегациянын курамы өзгөргөн эмес.

Стамбулда 16-майдагы 2022-жылдын жаз айларынан берки биринчи жолку түз жолугушууда украин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров баштап келген. Орусиянын делегациясын президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеген.

Апта аягында Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя расмий Москванын тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү шарттарын айткан. Ага ылайык, Батыш мамлекеттери Украинаны курал-жарак менен камсыздоону, Киев болсо мобилизацияны токтото турушу керектигин билдирген.

Небензя Москва 2-июнда Стамбулда Киев менен согушту жөнгө салуунун шарттары жазылган меморандум менен алмашууга даярдыгын кошумчалаган.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына чейин орус тараптан согушту жөнгө салуунун шарттары жазылган меморандумду күтүп жатканын билдирген.

Ага чейин украин коргоо министри Рустем Умеров Мединскийге Киевдин позициясын чагылдырган документти тапшырганы маалымдалган.

30-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөргө чейин эки тараптын тең документтеринин мазмуну коомчулукка ачык жарыяланбай турганын айткан.

Стамбулда 16-майда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына делегация барбасын кабарлаган. Биринчи жолкусунда Вашингтондун делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио баштап барган.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү расмий Москва сунуштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG