Польшада жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында консерватор Кароль Навроцкий саясий атаандашы, либерал Рафал Тшасковскийди женди.
Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Навроцкийди шайлоочулардын 50,89%, ал эми Тшасковскийди 49,11 колдоду.
Экинчи айламдага шайлоочуларын 71,63% добуш берди.
Навроцкий добуш берүү аяктагандан кийин "Польшадагы патриоттук күчтөрдү, өлкөнү мыйзамсыз мигранттарсыз көргүсү келген топторду бириктирүүгө" убада берди.
Саясий баяндамачылар Навроцкийдин жеңиши Польшанын Европа Биримдиги менен Украинанын ортосундагы чыңалууну күчөтөт деп айтып келишет.
Навроцкий расмий Брюсселге менен Киевге салкын мамилеси жана Украинанын НАТОго чакырууга жана Евробиримдикке кошулушун тездетүүгө каршы чыгып келгени менен белгилүү.
Анын жеңиши Польшадагы либерал өкмөт менен консерватор президенттин тирешин дагы улантышы ыктымал.
Польшада президенттин ыйгарым укуктары чектелүү, бирок ал кайсы бир мыйзамдарга вето коюп, өкмөттүн ишине кийлишиге алат.
Шерине