Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Тергөө кызматы Брянск менен Курскидеги жарылууну "теракт"катары мүнөздөдү


Брянскиде жүргүнчү поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, жети адам мерт болуп, 70тен ашык адам жараат алды.
Брянскиде жүргүнчү поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, жети адам мерт болуп, 70тен ашык адам жараат алды.

Орусиянын Тергөө комитети Брянск менен Курск облустарындагы жарылууларды террордук акт катары мүнөздөп жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди.

31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган. Учурда алардын 45ке жакыны ооруканага жаткырылды, үчөөнүн абалы оор экени кабарланууда.

"Москва темир жолдору" ишканасы “мыйзамсыз сырткы кийлигишүүнүн” негизинде көпүрөнүн тирөөчтөрү сынганын, ал поездге кулап түшкөнүн билдирди, бирок кандай кийлигишүү экенин тактаган эмес.

Би-Би-Си мындай сүйлөм буга чейин адатта темир жолдордо жардыруу болгондо колдонулуп келгенин белгилеген.

Жекшембиге оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алды. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн поезддин бир бөлүгү көпүрөнүн алдында машина жолго кулап түшкөнүн, тепловоз күйүп кеткенин маалымдады. Машинист эки жардамчысы менен ооруканага жеткирилди.

Жекшембиде эртең менен темир жол транспортуна байланыштуу дагы бир жарылуу болгону тууралуу маалыматтар чыкты.

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгы Запорожье облусунда товар ташыган поезд жардырылганын билдирди.

Анда поезд аскердик болгону, аннексияланган Крымды көздөй баратканы айтылат. Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды бышыктап же төгүнгө чыгара элек.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG