Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги теги кыргызстандык Н.К. аттуу адамдын орус жарандыгынан ажыратылганы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Анда Н.К орус жарандыгын 2020-жылы алганы, Петропавловск-Камчатский шаарындагы кыргыздардын “Мекендештер” деген маданий уюмун жетектеп келгени айтылат.
“Ал Петропавловск-Камчатский шаарындагы кыргыздардын улуттук-маданий автономиясынын жетекчиси болуп иштеп келген. 2025-жылдын апрель айында Камчатка крайынын укук коргоо органдары Н.Кнын орус жарандыгын жокко чыгарып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Ошондой эле Орусиянын паспортун алып коюу чечими кабыл алынган. Н.К. ага макул болбой 2025-жылдын 30-апрелинде аларды мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша акыркы чечим кабыл алынат”,-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында орус жергиликтүү басылмалары Камчаткадагы кыргыздардын уюмунун башчысы Нура Курманбекова орус жарандыгынан ажыратылганын жазышкан. Орусиялык ашынган оңчулдардын “Царьград” телеграм-каналы Курманбекова Кыргызстанга келгенде жыйындарда Орусияда “кыргыздардын кордук көргөнү” тууралуу маселелерди көтөрүп жүргөнүн билдирген.
Курманбекова 2023-жылы Бишкектеги элдик курултайга катышып, мигранттарга байланыштуу сөз сүйлөгөн. Ал өзү орус жарандыгынан ажыратылганына байланыштуу расмий комментарий бере элек.
Шерине