Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Грузияда талаштуу "Чет элдик агент жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирди


Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн.
Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн.

Грузияда “Чет элдик агент тууралуу” мыйзам 31-майдан тартып күчүнө кирди. “Азаттыктын” грузин кызматы Европа Биримдиги буга байланыштуу расмий Тбилисини дагы сындаганын жазды.

Уюмдун башкы дипломаты Кая Каллас менен биримдикти кеңейтүү маселелери боюнча комиссары Март Кос бул документ Грузиядагы демократияга, жарандык коомго жана эркин медиага олуттуу коркунуч жаратарын эскертишти.

“Грузин кыялы” партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент 1-апрелде маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Арасында "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамы дагы болгон.

АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бул Орусиядагы мыйзамдын түз көчүрмөсү экенин айтып, ал эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонулуш мүмкүндүгүн билдиришкен.

Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн. Аларды полиция күч менен кууп тараткан, бир канча адам камалган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG