Өзгөчө кырдалдар министрлиги (ӨКМ) чукул кабар таратып, 1-июндун экинчи жарымында жана 2-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Мындан улам тоо-ташта эс алууда жүргөндөрдү, жайлоого мал айдап бараткандарды сак болууга чакырды.
“Туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул күндөрү тоолуу өрөөндөрдө эс алуудан, жайлоого мал айдап баруудан баш тартыңыз! Зарылдыгы болбосо аны башка күндөргө жылдырыңыз! Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”,-деп жазылган маалыматта.
Былтыр Кыргызстанда жаз-жай айлары жаанчыл болуп, өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүргөн жана адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алган.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, соңку 12 жылдын ичинде жалпы өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн.
Беш жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн 300дөй селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.
Шерине