Орусиянын Брянск облусунда Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болду, дагы 69 киши жараат алды. Окуя 31-майда кечки саат 10дон өткөндө болду.
"Москва темир жолдору" ишканасы “сырткы кийлигишүүнүн” негизинде көпүрөнүн тирөөчтөрү сынганын, ал поездге кулап түшкөнүн билдирди, бирок кандай кийлигишүү экенин тактаган жок.
Би-Би-Си мындай сүйлөм буга чейин адатта темир жолдордо жардыруу болгондо колдонулуп келгенин белгиледи.
Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
Орусиянын Тергөө комитети азырынча кандайдыр бир божомолдорду жарыялай элек.
Орус күч кызматтарына жакын деп эсептелген Baza жана Shot телеграм каналдары көпүрө жардыруунун айынан кыйраганын маалымдашты, бийлик азырынча бул маалыматтарды ырастап же төгүнгө чыгарган жок.
Шерине